Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Вашингтондо АКШ-Сирия сүйлөшүүлөрү өттү


Бул эки өлкөнүн жогорку деңгээлде акыркы беш жылда өткөн алгачкы сүйлөшүүсү болду. Мамлекеттик депратаментин билдиргенине караганда, тышкы саясий мекемелердин башчыларынын орун басарлары Жек Лью менен Файсал аль-Мекдад “жалпы кызыкчылыктагы маселелердин” кеңири чөйрөсүн жана эки тараптуу алаканы жакшыртуунун жолдорун талкуулашты.

Ал эми сириялык тараптын маалыматына караганда, өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары ал-Мекдадын сапары учурундагы башкы максаттардын бири – Вашингтондун Дамаска каршы санцияларын Сириянын Ирак менен алакасын талкуулоо. Ирак соңку кездери Сирияны өлкөнүн мурдагы диктатору Саддам Хусеиндин жактоочуларына башпаана бергени үчүн айыптоодо. Сирия тышкы иштер министринин орун басарынын Вашингтондо АКШнын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушуулары белгиленген.

XS
SM
MD
LG