Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:42

Өлкөдө радиотеле берүүлөр Гимнден башталышы мүмкүн


Бүгүн Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясы “Мамлекеттик символдор жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун кубаттады. Долбоорго Кыргызстанда катталган бардык мамлекеттик жана менчик телеберүүлөр, радиоуктуруулар Мамлекеттик Гимнден башталары тууралуу жобо кирген. Фракция жыйынында бул жобо талаш-тартыш жаратып, эртеңкиге чейин талаш-тартышты эске алып, жобону кайра кароо демилгечи-депутат Зиядин Жамалдиновго сунушталды. Талашты менчик маалымат каражаттарынын, спутник аркылуу ретрансляцияланган телеберүүлөр, радиоуктуруулардын башталышында же аягында Мамлекеттик Гимнди берүү-бербөө укуктарына байланышкан маселе жаратты. (BuS)

XS
SM
MD
LG