Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Балыкчы соту Канат Сопуевди кайра камоону чечти


Чечим айыпталуучунун дарыланып бүткөндүгү жана сотко келбей жаткандыгы менен байланыштырылууда. СДПнын жергиликтүү координаторлорунун бири, Канат Сопуев Балыкчы окуясы боюнча айыпталып, 5-августта ооруканадан камакка алынган. Ал 23-июлдагы жаңжалда катуу токмоктон жабыркагандыгы кабарланган. Камакта отурганда кайра саламаттыгы начарлап кеткендигине байланыштуу соттун башталышында баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, дарыланууга чыгарылган болчу. 19 кишиге байланышкан соттук териштирүү Балыкчы шаардык сотунда 15-сентябрда башталган. (BuS)

XS
SM
MD
LG