Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Көчө балдарын кантип мектепке тартуу керек?


“Балдардын укугун коргоо”коомдук бирикмесинин жетекчиси Роза Сулайманованын “Азаттыкка” билдиришинче көчө балдарын окууга тартуу үчүн мектепте жагымдуу чөйрө болуш керек. “Балдардын окубай калышына ички миграция таасир этүүдө. Эч кандай документи жок балдар көчө балдарына айланып, акча табуунун жолуна түшүшөт. Баланын күнүмдүк акча тапканына кайыл көпчүлүк ата энелер балдарын окууга киргизүүгө кызыкдар эмес. Ал эми эптеп мектепке кирген баланы ал жердеги түрдүү акча чогултуулар чүнчүтүп, мектептен сүрүп чыгарууда”, -дейт Роза Сулайманова.

Аталган коомдук бирикме акыркы 3-4 жыл аралыгында жыл сайын 100дөн ашык баланы айрым мектептер менен түзүлгөн келишимдин негизинде окууга киргизишет. Быйыл Бишкекте 120 көчө балдары мектеп босогосун атташты. Алар турмуш шартына карата мектеп төлөмдөрүнөн толугу менен же элүү пайызга бошотулган. (AzK)

XS
SM
MD
LG