Иш чара СССРдин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры, композитор жана дирижер Калый Молдобасановдун 80-жылдыгына арналган. Уюштуруучулардын билдиришинче концертте Калый Молдобасановдун, кыргыз композиторлорунун чыгармалары, салттык музыка жана дүйнөлүк музыкалык классика жаңырмакчы. Иш-чара 1-октябрь Эл аралык музыка күнүнүн алкагында уюштурулууда. Ал Кыргыз улуттук консерваториясында өткөрүлөт. (AzK)