Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

СДП бийлик өкүлдөрү менен жолугушуудан баш тартты


Социал-демократтар фракциясынын башчысынын милдетин аткарып жаткан Иса Өмүркулов "Азаттыкка" бийлик менен жолугушуу туурасында буга чейин сүйлөшүүлөр болгонун тастыктады. Анын айтымында, бирок сүйлөшүү президент менен жолугушуу туурасында болгон. Бүгүнкү жолугушууга президенттин өзү эмес, өкүлдөрү болоору белгилүү болгондон кийин Социал-демократтар фракциясы жолугушуудан баш тарткан.

Президенттин парламенттеги өкүлү Досалы Эсеналиев андан мурдараак “Азаттыкка” билдиргенине караганда, СДП фракциясынын атынан жазылган Иса Өмүркуловдун катынын негизинде эки тараптуу сүйлөшүү жараяны бир нече күн мурда башталган. Бүгүн баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев жана Досалы Эсеналиев менен фракция өкүлдөрү жолугушуп, президент менен жолугушууну уюштуруу маселелерин талкуулашмак. Досалы Эсеналиев ошондой эле бул жолугушуу тууралуу фракцияга кат түрүндөгү расмий билдирүү бир күн мурда жиберилгенин кошумчалаган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG