Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Кытайдагы майрам коноктордун сесин алды


Бээжиндеги Тянанмен аянты кайтарууга алынды. 30-сентябрь, 2009-ж.
Бээжиндеги Тянанмен аянты кайтарууга алынды. 30-сентябрь, 2009-ж.

Кытай 1-октябрь күнү коммунисттик бийликтин 60 жылдык мааракесин Бээжинде асман-жерди титиреткен акердик парад жана эки айдан бери даярдалган оюн-зооктор менен белгилейт.

Эки ай мурдараак Бээжинде чоң парадга даярдык башталганын видеого тартып алган британиялык турист: “Мен айлана алай-дүлөй түшүп ызы-чуу башталганынан терезеге жүгүрүп барсам, жүз миңдеген аскерлер, танктар бараткан экен, аны көрүп алып, кытайлар жапондорго кол салдыбы деп коркуп кеттим” деп баяндайт. Шинхуа агенттиги кабарлагандай, бейшембиде Бээжиндеги Тянанмен аянтында алдыңкы согуштук техника, курал-жабдык, учактардын коштоосунда каз катар тизилген аскерлер мүнөт сайын ашык-кеми жок 116 кадам шилтеп, ар бир кадамы туптуура 75 сантиметрлик аралыкты камтышы керек. Аларга удаа колдоруна коммунисттик лидерлердин портреттерин, алардын бийлигин даңазалаган ураандар көтөргөн 100 миңдей катардагы кытай жарандары, дагы 100 миңдей мектеп окуучулары менен студенттер чыгышат. Аянттын туш тарабына орнотулган 60 экранда Кытайдын соңку тарыхы, анда жашаган 56 түрдүү улут өкүлдөрүнүн, анын ичинде кыргыздардын да каада-салтын камтыган кооз тасмалар көргөзүлөт. Айтор, 60 жылдык мааракесинде Кытай Эл Республикасы дүйнөдө орду бар, калкына тегиз кам көргөн, темирдей тартип сакталган күч-кубаттуу өлкө экенин көргөзүүгө куштар.

Гонконг университетинин изилдөөчүсү Ребекка МакКиннон мындан 60 жыл илгери Кытай Эл Республикасы жаңыдан негизделгенде алдыга коюлган далай максаттар аткарылганын айтат: “Андагы ыңкылаптын максаттары – Кытайды бутуна тургузуп, эл аралык коомчулук урматтаган өлкөгө айландыруу. Андан сырткары Кытай акыры дүйнөдөгү бирден-бир күчтүү өлкө болуп, чет өлкөлүк басым-кысымды жок кылат дешкен эле – мунун баары турмушка ашырылды”.

Ребекка айткандай, азыр Кытай өнүгүү жолуна түшүп, дүркүрөп өсүп баратканын эч ким тана албайт. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, соңку 30 жылдан бери Кытай экономикасы 10%дын тегерегинде өсүп отуруп, жүз миңдеген кытайлыктар кедейликтин сазынан суурулуп чыгарылды, бирок өзгөчө акыркы 10 жыл ичинде өлкөдө байлар менен эптеп күн көргөндөр ортосундагы ажырым аңырайып чоңойду. Коммунисттик жетекчилик өлкөдө өзгөчө бир кытай социализми сайран куруп жатканын айтат, анткен менен 60 жыл ичинде коррупция гүлдөп, пландуу экономика айлана-чөйрөгө эбегейсиз залака келтирди.

Эл турмушу акырындап жакшырганы менен, саясий өнүгүү, жарандык эркиндиктер Мао Цзедундун доорунан анчейин өзгөргөн жок. Шинжаңдагы уйгурлардын нааразычылыгы, мекенинен сүрүлгөн тибеттиктер тагдыры, бийлигине манчыркаган коммунисттердин өзүмбилемдиги – ушулардын баары Кытайдын эртеңкисине көлөкө түшүрбөй койбойт. 1-октябрдагы майрам патриоттук ураандар алдында уюшулду, чөнтөк телефону барлар бир жума бою белгилүү актер Жеки Чандын “мамлекет” деп шыбыраганын угууга аргасыз. Кинотеатрларга 1 миллион билет бекер таратылып, Кытайды ар тараптан даңктап-даңазалаган тасмалар көргөзүлүүдө. Бээжиндеги башкы аянттагы парадда коммунисттик партиянын жол башчысы унутулбай, “Жашасын Мао!” деген ураан улам жаңырат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG