Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

АКШнын Интернетке көзөмөлү азаят


Кошмо Штаттардын соода министрлиги кечээ кол койгон келишим боюнча баш кеңсеси Калифорнияда жайгашкан, жеке менчиктеги жана киреше көрбөгөн “Corporation For Assigned Names and Numbers” корпорациясы көбүрөөк көз карандысыздык алат жана бул анын ишине эл аралык көзөмөл жүргүзүлүүсүнө жол ачат. Буга чейинки макулдашуу АКШ өкмөтүнө Интернеттеги домендер системасын координациялаган бул корпорацияны жакындан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү. Эми жаңы макулдашууга ылайык, корпорациянын ишин текшерүүчү комиссияга чет өлкөлүк өкмөттөрдүн да өкүлдөрү кошула алат. АКШнын өкмөтү Интернетин ишин көзөмөлдөөдө үстөмдүк кылышын Евробиримдик узактан бери сындап келген. Брюссель жаңы макулдашууну кубаттады.

XS
SM
MD
LG