Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

АКШ президенти Ооганстандагы кырдаалды талкуулады


Президент Барак Обама аскерий жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери менен Ооганстан менен Пакистанда жасалуучу кийинки кадамдар тууралуу “ачык –айкын” сүйлөшкөнүн Ак үй кабарлады.

Ак үйдүн маалымат катчысы Роберт Гиббстын билдиргенине караганда, үч саатка созулган талкуулардан кийин Обама аймактагы стратегияны кайра карап чыгууну улантуу үчүн дагы бир нече апта алмак болду. Кеңешчилери менен келерки апта – 7-октябрда кайра жолукмакчы.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында талкууда көңүл бурулган негизги маселе – АКШ Ооганстанга Талибандын согушкерлерине каршы күрөшүү үчүн кошумча аскер жөнөтүүсү кереги бардыгын же жоктугун аныктоо. Ушу тапта Ооганстанда АКШнын 60 миңдей жоокери жайгаштырылган.

Сүйлөшүүлөргө АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн башкы командачысы генерал Стэнли МакКристал да катышты. Ал жакында коомчулукка чыгып кеткен баяндамасында эгер уруш талаасына кошумча миңдеген аскерлер жөнөтүлбөсө, тараза ташы бир жыл аралыгында эле Талибан тарапка ооп кетүүсү ыктымал экендигин эскерткен

XS
SM
MD
LG