Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Иран бүгүн алты өлкө менен жолугат


Расмий Тегерандын дарегине Батыш өлкөлөрү тарабынан шектүү өзөктүк програмасын, өзгөчө уран байытуу ишин токтотуу талаптары айтылып жаткан кездеги жолугушуу Женева шаарында болот.
Ага БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү: АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия дипломаттары, ал эми Иран тараптан өлкөнүн өзөктүк маселе боюнча башкы сүйлөшүүчүсү Саид Жалили катышмакчы. Эл аралык “алтылык” тараптан сүйлөшүүлөргө Евробиримдиктин тышкы саясатты тейлеген өкүлү Хавьер Солана жетекчилик кылат.

Бул жолугушууну утурлай Иран өзөктүк энергияга болгон укугу талкууга жатпасын белгилеп, алты держава менен өзүнүн өзөктүк программсын, анын ичинде уран байытуу менен байланышкан иштерин сөз кылуу ниети жок экенин билдирген.

Кошмо Штаттар менен анын өнөктөштөрү болсо эгер Иран конструктивдүү диалогко тартылып, өзөктүк программасы өзөктүк бомба жасоону эмес тынчтык максатты гана көздөөрүн далилдөөчү чараларга макул болбосо, БУУнун санкцияларынын төртүнчү айлампасына кабылуусу мүмкүн экенин эскертүүдө.

Жолугушууда Батыш дипломаттары Ирандан өзгөчө анын уран байытуучу экинчи заводу жөнүндө сурары күтүлүүдө. Тегерандын уран байытуучу экинчи заводу бар экени жана ал Кум шаарында курулуп жатканы өткөн аптада гана маалым болду.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Женевада Иран тарап менен эч кандай эки тараптуу сүйлөшүү пландалган жок, бирок көп тараптуу жолугушууга катышуучу америкалык делегациянын башчысы, Мамлекеттик катчынын саясий иштер боюнча орун басары Уильям Бернс эгер мүмкүнчүлүк жаралса жана жолугушуу сүйлөшүү жараянына жардам бере турган болсо Ирандын өкүлү менен
бетме -бет сүйлөшүү өтүп калуусу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрүнүн өзүнчө жолугуусу абдан сейрек кездешкен окуя. Ислам ыңкылабынын артынан АКШнын Тегерандагы элчилигинде орун алган барымта кризисинен кийин Вашингтон Тегеран менен дипломатиялык алакасын 1980-жылы үзгөн.

XS
SM
MD
LG