Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

“Бишкек” ЭЭАсы электр кубатысыз калышы ыктымал


Аталган эркин экономикалык аймактагы 37 чет элдик жана биргелешкен ишканаларга электр энергиясын берүү токтолушу мүмкүндүгүнө “Түндүк электр” менен болгон соттук териштирүүнүн узарып кеткендиги себеп болууда. “Түндүк электр”ишканасы “Бишкек” эркин экономикалык аймагынан тез арада 2,5 миллион сом айып акысын өндүрүүнү көздөп жатат. Өткөн жылдын декабрь айында зонада өрт чыгып, аны токтотуу үчүн электр кызматкерлери көзөмөлдөөчү пломбаларды бузууга мажбур болушкан. Бул факт тартип бузуу деп эсептелип, “Түндүк электр”ишканасы эркин экономикалык зонаны айып акыга жыккан. Бул маселе боюнча акыркы алты ай аралыгында соттук териштирүү жүрүп келет. Чүй район аралык соту “Бишкек” эркин экономикалык аймагын айып акыдан бошоткону менен, областтар аралык сот 23-сентябрда ишти “Түндүк электрдин” пайдасына чечкен. "Соттун акыркы чечими күчүнө кире электе эле күнүгө "светти өчүрөбүз" деген коркутуп үркүтүүлөр инвесторлорду чарчатып жиберди жана мындай аракеттер инвесторлордун кооптонуусун жаратууда", - деп кабарлайт экономикалык аймактын маалымат кызматы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG