“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилованын маалыматына караганда ЕККУнун Бишкек кеңсеси ИИМди реформалоого колдоо көрсөтүү долбоорлору боюнча жергиликтүү укук коргоочуларга маалымат берүүнү көздөөдө. Бул жолугушуу 6-октябрга белгиленди. Өткөн аптада Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев тармакты реформалоонун жүрүшү жана алдыдагы пландар тууралуу ЕККУнун Венадагы кеңсесине маалымат берип кайткан. Бул багытта тараптар 2003-жылдан бери кызматташып келатат.(BuS)