Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:00

АКШнын интернетти көзөмөлдөө укугу азайды


Кечээ кол коюлган келишим боюнча, Калифорнияда жайгашкан интернеттеги аталыштар менен сандарды ыйгаруу корпорациясы, же ICANN корпорациясы көбүрөөк көз карандысыздык алып, эл аралык деңгээлдеги көзөмөлгө жол ачылды. Мурдагы макулдашуу боюнча, интернеттеги веб сайт аталыштарын ыйгаруу жана жалпы дүйнөлүк маалымат желесинин ишин уюштуруп-координациялоого адистешкен корпорацияны АКШ өкмөтү көзөмөлдөй турган. Эмки келишим боюнча, АйКэННдин башкаруу кеңешине башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү да катышып, компаниянын ишин тескөөгө катышат. Европа Биримдиги интернетте АКШ үстөмдүк кылганын сындап келаткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG