Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Барак Обама: Иран убадаларын аткаруусу керек


Дүйнөнүн ири алты өлкөсү менен Ирандын Женевадагы кечээги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына токтолгон Барак Обама аны “конструктивдүү башталыш” деп атады, бирок Тегеран эми сөзүн иш менен бекемдөөсү керектигин белгиледи:

-Иран толук ачыктыкка даяр экендигин көргөзүүсү керек. Мурдараак биз Иран Кум шаарында жаңы өзөктүк жайды жашыруун куруп жатканы жөнүндө ишенимдүү далилдерди бергенбиз. Эми Иран Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик менен толук жана дароо кызматташтыкка макул болуусу менен бирге МАГАТЭнин инспекторлорунун бул жайга эркин кирүүсүн камсыздоосу керек.

Женевада кечээ өткөн көп тараптуу сүйлөшүүдө Иран уран байытуу боюнча Кум шаарындагы жаңы заводун жакынкы эки апта ичинде МАГАТЭнин инспекторлоруна ачаарын билдирген. Сүйлөшүүүгө катышкан америкалык делегация өкүлүнүн айтымында, Иран реактордо өзөктүн отун катары колдонулуучу уранын кайра иштетүү үчүн Орусия жиберүүгө принцибинде макул болду. Женевадагы кечээги сүйлөшүүлөр учурда АКШ менен Ирандын өкүлдөрү соңку отуз жыл ичинде жогорку деңгээлдеги биринчи жолугушуу өткөрдү.

Женевада Иран менен анын шектүү өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүгө АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия катышты.

Бул аралыкта БУУда өлкөнүн тышкы иштер министри Манучекир Моттаки Иран азыр өзөктүк жайларынын баарын жарыялаганын айтты.

XS
SM
MD
LG