Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

ИИМ: Мектеп жаңжалы улуттук, расалык мүнөзгө ээ эмес


Мындай билдирүүнү ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев бүгүн Жогорку Кеңеште депутататтардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, жаңжалга тиешеси бар делген окуучулар кармалган. “Бул кадимки эле балдардын мушташы. Эки мектептен тең жаңжалга катышкан окуучулары кармалды. Айрым катышуучулары өтө эле жаш болгондуктан кайрадан бошотулду. Учурда ИИМ менен Билим берүү жана илим министрлиги бирдикте профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат”, - деди С.Курманалиев. Өткөн аптада №38 мектеп-гимназиясы менен олимпиадалык резерв мектебинин окуучуларынын ортосунда жаңжал чыгып, ал милициянын күчү менен басылган жана ал окуучулардын жоон тобу кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG