Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

2016-жылы Рио-де-Жанейрого баралы!!!


Бразилия курамасынын футболчулары машыгуу учурунда. Рио-де-Жанейро. 9-сентябрь, 2008-ж.
Бразилия курамасынын футболчулары машыгуу учурунда. Рио-де-Жанейро. 9-сентябрь, 2008-ж.

Эл аралык олимпиада комитети 2016-жылкы Жайкы олимпиада оюндары Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт деп тапты.

Жума күнү (2-октябрда) Копенгагенде өткөн ЭОК жыйынына өз шаарын сүрөп бир катар мамлекет башчылары да катышкан.

Буга чейин Түштүк Америкада Олимпиадалык оюндар өткөрүлгөн эмес.

Эми кубанычтары койнуна батпаган Бразилиянын президенти Луиш Инасио Лула да Силва жана атактуу футболчу Пеле самба же румба бийлешсе болот.

2016-жылкы Жайкы Олимпиада оюндары Рио-де-Жанейродо өтөт. Мындан
Футболдун падышасы Пеле бразилиялык оюнчу Какага "Бриллиант топту" тапшырууда. Цюрих. 18-декабрь, 2007-ж.
мурда Латын Америкасында олимпиадалык оюндар өткөн эмес.

Рио-де-Жанейро шаарынын талапкердиги жабык колго салууда Испаниянын байтакты Мадридди жеңди. АКШнын Чикаго шаары жана Жапониянын борбору Токио биринчи айлампадан өткөн жок. Чикагого АКШ президенти Барак Обаманын сүрөөнчүлүк аракети да жардам бере албады.

Обама 2-октябрда Эларалык олимпиада комитетинин Копенгагендеги жыйынында сүйлөп, уюм мүчөлөрүн өз шаары Чикаго үчүн добуш берүүгө чакырган:

- Мен сиздерди Чикагону тандоого үндөйм. Мен сиздерди Американы тандоого чакырам. Сиздер мени угуп, баарыбыз чогуу болсок: Чикаго жана Америка дүйнөнү сыймыктандырат деп убада кылам.

Обамага чейин АКШнын бир да президенти Эларалык олимпиада комитетинин жыйынына келип,
2008-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанаты. Бээжиндеги Улуттук стадион. 24-август.
Кошмо Штаттар үчүн мыяткерлик кылган эмес.

Көпчүлүк байкоочулар да Мадрид, Токио, Рио-де-Жанейрого салыштырганда Чикагонун инфраструктурасы жакшы өнүккөнүн, ошон үчүн 2016-жылкы Жайкы олимпиада өткөрүү укугу Чикагого берилиши мүмкүн экенин айтып жатышкан.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Марат Саралинов да: “Менимче, Чикаго утуп кетет го. Анткени, Чикагонун жүз ачарына президент Обама катышып жатпайбы...”, - деген.

АКШнын канайымы Мишел Обама да жаңы курулчу Олимпиадалык стадион анын балалыгы өткөн жерге коңшулаш турганын айтып, комитет мүчөлөрүн Чикаго үчүн добуш берүүгө чакырган.

Серепчилер президент Обама эми Копенгагенге жасаган жемишсиз сапары үчүн чоң шакаба жейт жана ички-тышкы сынчылары аны катуу сынга алышат деп боолгошот.

Бразилиянын президенти Луиш Инасио де Силва (солдо) Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен. Астана. 17-июнь, 2009-ж.
Бразилиянын президенти Луиш Инасио Лула да Силва кезек Рио-де-Жанейрого берилиш керек, себеби буга чейин Түштүк Америкада Олимпиада оюндары эч өткөрүлбөгөн деген жүйөнү бетке кармады.

"Олимпиада оюндары Рио-де-Жанейронун жарды бөлүгүн өнүктүрүүгө, жаштардын келечекке болгон ишенимин бекемдөөгө көмөктөшөт. Буга чейинки адилетсиздикти түзөйт", - деди Лула да Силва Копенгагенде сүйлөп.

Эларалык олимпиада комитети үч айлампадан турган колго салуудан кийин 2016-жылкы Жайкы оюндар Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтсүн деп чечти.


Ошентип, жети жылдан кийин Олимпиада оюндары биринчи жолу Түштүк Америкада өтөт.

Финалдык жашыруун добуш берүүгө Рио-де-Жанейро жана Испаниянын борбору Мадрид коюлду.

АКШнын Чикаго шаары жана Жапониянын байтакты Токио биринчи айлампадан эле чыгып калышты. Өз шаарларына мыяткерлик кылуу үчүн Копенгагенге АКШнын президенти Барак Обама жары Мишел менен, Бразилиянын президенти Луиш Инасио Лула да Силва, Испаниянын падышасы Хуан Карлос жубайы каныша София жана өлкө премьер-министри Хосе Луис Родригес Сапатеро менен келди, ал эми Жапониядан - өкмөт башчы Юкио Хатояма келип, өз ордо шаары үчүн сүрөөнчүлүк кылган болчу.

XS
SM
MD
LG