Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн 10-саммити Кыргызстанда өтөт


Бул туурасында бүгүн, 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өтүп жаткан түрк тилдүү өлкөлөрдүн башчыларынын 9-саммитинде жыйынга төрагалык кылып жаткан Илхам Алиев, Курманбек Бакиевдин демилгеси менен кийинки мааракелик 10-саммит Кыргыз Республикасында өтөөрүн жарыялады.

Отурум учурунда кыргыз мамлекет башчысы саммитке катышып жаткан мамлекеттер арасындагы шериктештиктин абалы жана анын келечектеги өсүшү жөнүндө сөз сүйлөп, түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу түрк тилдүү мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүүгө зор мүмкүндүк берээрин белгиледи.

Бул күндөрү Азербайжандын Нахичеван шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин 9-саммити өтүп жатат. Бул саммитте түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу кабыл алынып, Нахичеван Декларациясына кол коюлду.

Буга чейин Түрк тилдүү мамлекеттердин 3-саммити 1995-жылы Кыргызстанда өткөн. Биринчи саммит 1992-жылы Түркиянын Анкара шаарында уюштурулган.(SA)

XS
SM
MD
LG