Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Депутат Руслан Шаботоевдин сөөгү жерге берилди


Социал-демократтар фракциясынын депутаты Руслан Шаботоевдин сөөгү 3-октябрда Ысык-Ата районундагы өзү туулуп-өскөн Эпкин айылында жерге берилди

Депутат Руслан Шаботоевди акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө эки миңдей эл катышты. Социал-демократтар фракциясынан Иса Өмүркулов, Роза Отунбаева, Ирина Карамушкина баштаган депутаттар, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Чолпон Баекова, Азиз Турсунбаев, "Ак жол" фракциясынан Ибрагим Жунусов, Бегалы Наргозуев, Бейшен Абдрасаков, Максат Кунакунов жана башка эл өкүлдөрү катышышты. Ошондой эле маркум менен коштошуу үчүн Экономика жана өнөр жай министри Акылбек Жапаров, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Туйгуналы Абдыраимов, Президенттин парламенттеги өкүлү Досалы Эсеналиев келди.

Сөөктү узатуу тажыясынын алдында чакан митинг өтүп, Жогорку Кеңештин вице-спикери Азиз Турсунбаев сөз сүйлөдү:

- Руслан жаш болсо дагы элге төбөсү көрүнүп калган депутат болчу. Чоң мыйзамдарды кабыл алууда талкууга катышып активдүүлүгүн көрсөтчү. Анын туугандарына, балдарына оор болду. Эми калган өмүр жашын силерге берсин. Кош бол, Руслан!

Социал-демократтар фракциясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов болсо маркум Руслан Шаботоев өзүнүн ишмердүүлүгү менен жаш лидерлердин бири катары эл оозуна алынып калган учурда минтип киши колдуу ажал тапканын айтып, зар какшады:

- Русландай жигитти өлтүрүүгө кандай мыкаачылардын колу барды экен? Энелерди сыздатып, балдарыбызды чыркыратып, баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутуп, арабыздан алып кетишти. Руслан бүгүнкү күндө эл үчүн, журт үчүн жигердүү кызмат кыла баштады эле. Ушундай мыкты уулдан кыргыз эли ажырап отурат...

Руслан Шаботоев 1974-жылы 6-апрелде Ысык-Ата районунун Эпкин айылында жарык дүйнөгө келген. 1991-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктап, 1998-жылы Бишкек шаарындагы Медицина институтун артыкчылык менен окуп бүтүрүп, 2001-жылы юрист кесибинин ээси болгон. 2001-2005-жылдары ал "Би-строй" ишканасын жетектеп, андан кийинки эки жыл аралыгында Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы ишкерликти колдоо фондуна башчылык кылган. 2007-2008-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Үй-бүлөлү, эки уулдун атасы.

- Биздин үй-бүлө үчүн чоң жоготуу болду. Себеби алгач менин атам, андан кийин Руслан байкемдин атасы каза болгон. Эми минтип тирегибизден айрылып отурабыз. Ал биздин аталарыбызды жоктотпой, баарыбызга тең карачу. Байкем алдыга койгон максатына жете билген, артка тайманбаган жигит эле, - дейт маркум депутаттын аталаш иниси Нурлан Шаботоев.

Өткөн 2008-жылдын 30-сентябрында Бишкек шаарындагы “Майкл” кафесинде отурган Руслан Шаботоевди түнкү саат үчтөр чамасында белгисиз бирөөлөр тышка чакырып кетип, ошол боюнча депутат дайынсыз жоголду деп табылбай келген эле. Андан туптуура бир жылдан кийин, быйыл 30-сентябрда Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылына жакын жерден Руслан Шаботоевдин сөөгү табылып, туугандары аны кол сааты, буга чейин сынган акыреги жана шымынын куру аркылуу таанып билишкен.

XS
SM
MD
LG