Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Тажикстанда “мамлекеттик тил” мыйзамы кабыл алынды


Тажик парламенти кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, иш кагаздары, расмий кат алмашуу жана билим берүү жалаң тажик тилинде гана жүргүзүлөт. Буга чейинки мыйзамда орус тили “улуттар ортосунда сүйлөшүүнүн тили” катары көрсөтүлгөн эле. Ал жобо алынып салынды. Бирок жаңы мыйзамда “өлкөдөгү башка улуттарга өздөрү каалаган тилде билим алууга шарт түзүлөт” деп айтылат. Мыйзамга эми президент Эмомали Рахмон кол койгондон кийин, ал күчүнө кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG