Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Ошто электр кубаты чектөөдөн тыш өчүрүлүүдө


Бул туурасында Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районунун тургундары «Азаттыкка» билдиришти. Алардын айтымында, акыркы күндөрү аталган аймактагы үйлөр бат-бат жарыксыз калууда. Тургундардын электр ишканасына кайрылуусунан майнап чыккан жок.

Ош шаар мэринин орун басары Алымжан Байгазаков жердештеринин маалыматын четке какты. Анын белгилешинче, газ өчүрүлгөндөн бери электр энергиясын керектөө эки эсе өстү, ошондуктан трансформаторлого күч келүүдө. Бирок электр түйүндөрүндөгү кырсыктар убагында четтетилүүдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG