Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

Ирландия Лиссабон келишимин жактырды


Ишембиде кечинде добуштар саналып бүткөндөн кийин, Лиссабон келишими, же Евробиримдиктин Конституциясы үчүн, жалпы шайлоочулардын 67% добушун бергени, 33% ага каршы экени аныкталды. Өлкөнүн премьер-министри Браян Коуэн анын мамлекети “чечүүчү” добушун берген бул күн “Ирландия үчүн жана жалпы Европа үчүн жакшы күн болду” деди. Ирландияны бир топ европалык лидерлер – Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу менен Германиянын канцлери Ангела Меркель – референдумдагы оң чечими үчүн макташты. Жума күнү Ирланияда Лиссабон келишими боюнча референдум өткөн. Былтыркы референдумда өлкө ал келишимди колдобой койгондон киййин, келишимге айрым өзгөртүүлөр киргизилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG