Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 09:32

Бишкекте СПИДке каршы чаралар талкууланат


Борбор Азия жана Азербайжандын СПИДке каршы күрөшүү жаатындагы парламенттер аралык кезектеги жыйыны Бишкекте 6-7-октябрда өтмөкчү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет. Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Азербайжандын депутаттары, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышмакчы. Жыйында СПИДке каршы күрөшүүдө Борбор Азия аймагында мыйзамдык базаны өркүндөтүү сыяктуу маселелер каралмакчы. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG