Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

МАГАТЭ Ирандагы уран байытуучу заводду текшеришет


МАГАТЭнин инспекторлору Ирандагы уран байытуучу заводду 25-октябрда текшеришет. Бул тууралуу бүгүн Атомдук кубаттуулук боюнча эларалык агенттиктин башчысы Мухаммад Эл Барадей Ирандын жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн кийин билдирди. Эл Барадей Тегеранга кечээ барган. Ал сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында Иранды “Өзөктүк программасы боюнча талкууларга карата конструктивдүү аракеттери” үчүн мактады. Бейшембиде Женевадагы талкууда Иран Кум шаарына жакын жердеги ал заводго инспекторлорду киргизгенге макул болгон эле. Ал аралыкта New York Times гезити МАГАТЭнин жашыруун доклады тууралуу жазды. Анда Атомдук кубаттуулук боюнча эларалык агенттиктин ишенимдүү аналитиктери “Байытылган урандан атомдук бомба жасаш үчүн Тегеранда жетиштүү маалымат бар” экенин айтышат.

XS
SM
MD
LG