Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

ЮНЕСКОдо дүйнө тарыхына арналган симпозиум болот


Дүйшөмбүдө (5-октябрда) ЮНЕСКОнун Париждеги башкеӊсесинде БУУнун маданият, илим-билимди өнүктүрүү жаатында алектенген бул агенттиги соӊку 57 жыл ичинде жарыялап келген тарых серияларын жыйынтыктоого арналган эл аралык симпозиум өз ишин баштайт. Эки күндүк илимий шерине учурунда дүйнөлүк жана аймактык тарых жыйнактарын жазуудагы саамалыктар, табылгалар, кыйынчылыктар жана оош-кыйыш жагдайлар тууралуу талкуу болмокчу. Көп томдук жыйнактардын бири Ички жана Борбордук Азиядагы цивилизациялардын тарыхына арналган жана аны жазууга Асан Абетеков, Анара Табышалиева, Тынчтыкбек Чоротегин сыяктуу кыргыз тарыхчы илимпоздору да катышкан.

XS
SM
MD
LG