Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

5-октябрда Петровка чатагы боюнча сот уланат


Бүгүнкү соттук териштирүүдө жабырлануучулардын көрсөтмө берүүсү уланары күтүлүүдө. Өткөн жума күнү сотто көрсөтмө берген күрт улутундагы жабырлануучулар соттолуп жаткан Эркин Бөлөкбаевди, Сапар Аргынбаевди жана Уран Рыскуловду баш-аламандыкты уюштуруучулардын арасынан көрүшпөгөндүгүн билдиришкен.

“Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевге, “Болуш” ассоциациясынын президенти Сапар Аргынбаевге жана укук коргоочу Уран Рыскуловго 26-апрелдеги Петровка чатагын уюштурган деген айып тагылып, камакка алынышкан. Булар болсо өздөрүнүн камалышын бийликтин куугунтугу деп эсептеп келишет.

Белгилүү болгондой 4 жашар кызды күрт улутундагы жигит зордуктап, жазасыз жүргөнүнө жаалданган Петровкалык тургундар айылдагы күрттөрдүн баарын көчүп кетүүсүн талап кылышкан. 26-апрелдеги баш-аламандыкта бир нече күрттүн үйү талкаланып, айрымдары айылдан көчүп кетишкен. Бул окуяга байланыштуу Москва районунун акими, ИИБ жетекчиси жана райондук прокурор кызматынан алынышкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG