Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Ооганстанда Талибандын бийликке кайра келүүсү күмөндүү


Мындай пикирин АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси билдирди. Жеймс Жонс ага катар Ооганстанда “ал-Каиданын” туруму кескин түрдө алсыраганын кошумчалады. Ал жогорудагыларды СNN телеканалына Ооганстадын чыгышындагы уруштан АКШнын сегиз жоокери мерген болгондон кийин берген интервьюсунда айтты. Бул – америкалык аскерлер үчүн акыркы бир жылдан ашуун убакыттан берки эң кандуу уруш болду.

Учурда АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы согушка карата коомдук колдоонун деңгээли төмөндөп жаткан шартта жаңы сунуштарды, анын ичинде ал жакка кошумча 40 миң аскер жөнөтүү керекпи же жокпу деген маселени кароодо.

АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, генерал Стэнли МакКристал жакында өлкөдөгү кырдаалды “оор” деп атады.
Өткөн айда кээ бир өңүттөрү басма сөзгө чыгып кеткен жашыруун баяндамасында генерал МакКристал эгер ооган өкмөтү Талибанга жеңилип берсе, өлкө кайрадан террорчулар базасына айланарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG