Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:16

Балыкчы окуясы боюнча сот эртең уланат


Адвокат Сартбай Жайчыбеков эгер айыпталуучу Канат Сопуев дагы келбей калса соттук териштирүүлөр жылдырылышы ыктымал экенин “Азаттыка” билдирди. Балыкчы окуясы боюнча кармалгандардын бири К. Сопуев ден-соолугуна байлыныштуу убактылуу бошотулуп, кийин аны кайра камоо тууралуу чечим чыккан. 23-июлда президенттик шайлоо күнү Балыкчыдагы тополоңдо он тогуз киши камакка алынган. Аларга массалык баш-аламандык уюштурууга аракет жасады, конституциялык түзүлүшкө шек келтирди жана шайлоонун өтүшүнө жолтоо болду деген айыптар тагылууда. Оппозициялык күчтөр бул иш-аракеттерди саясий куугунтук катары сыпаттап келишет. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG