Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Шириндин колдорун кескен дарыгерлер күнөөсүз


Мындай тыянакты Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы чыгарды. Комиссиянын өкүлү Мирбек Акматбеков “Азаттыкка” Таластын дарыгерлери кичинекей кызга медициналык жардамды убагында көрсөтүп, шашылыш операция жасап колдорун кескенге мажбур болушканын айтты. Кыздын чоң апасы дарыгерлердин айынан небереси эки колунан айрылганын, болбосо бирөөнү сактап калса боло турганын, аркасындагы жаратты да жакшыраак тазалабай таңып койгонун айтып аларды айыптап жатат. Август айында Таластын Бакай-Ата районунунда жашаган жашаган беш жашар Ширинди оор жүк ташуучу машина тебелеп кеткен. Азыр айдоочунун күнөөсүнө байланыштуу териштирүү иштери уланып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG