Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

ЕККУ ИИМди колдоо долбоорлору боюнча айтып берет


Жергиликтүү укук коргоочулар эртең Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү менен жолугушат. Анда аталган уюмдун кыргыз милициясын реформалоо боюнча долбоорлору тууралуу маалымат алышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, укук коргоочулар 8-октябрда ЕККУнун Бишкектеги борборунун алдында пикет да уюштурушат. Кыргызстанда тартип коргоо органдары эл аралык стандарттарга ылайык иштөө үчүн четтен жардам алып жатканы менен атуулдардын укугун коргоо боюнча мамилесин жакшыртпай жатат. Ушундан улам укук коргоочулар ЕККУдан долбоорлордун натыйжалуугун жана жарандык көзөмөлдүн болушун талап кылышмакчы, дейт Т. Исмаилова. Ички иштер министри Молдомуса Конаганитев сентябрь айында ЕККУнун Венадагы кеңсесине барып бул тармакты реформалоо тууралуу маалымат берген, оң жылыштар болуп жатканын айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG