Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Казак өкмөт башчысы Кыргызстанга келет


Премьер-министр Игорь Чудиновдун маалымат катчысы Айбек Султангазиевдин “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, 7-октябрда Кыргызстанга жумуш сапар менен казак өкмөт башчысы Карим Масимов келет. Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын Бишкектеги жолугушуусунда 16-17-июнда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы талкууланат. Астана жыйынында тараптар өзгөчө кырдаалдар, суу-энергетика тармагында кызматташуу, эки өлкөнүн ишкерлерине шарт түзүү боюнча келишимдерге жетишкен. (AiT)

XS
SM
MD
LG