Бул тууралуу Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, 5-октябрда Москва райондук сотунда апрель айындагы Петровка айылындагы окуяга байланыштуу соттук териштирүү болуп, анда жабырлангандар суралды. Соттук жараянга Петровка айылындагы массалык баш-аламандыкты уюштуруучу катары айыпталып жаткан “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бүлекбаев, Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскулов катышты. Соттук териштирүү 9-октябрда улантыла турган болду.Оппозиция бул соттук жараянды айыптап, аны саясий максатта экенин билдирүүдө.(AiT)