Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Депутаттар СПИД илдетин талкууга алышат


Бүгүн Бишкекте Борбор Азия жана Азербайжандын депутаттары парламенттер аралык 4-конференциянын алкагында СПИДге каршы күрөшүүнү мыйзамдык жактан камсыздоо маселесин карап башташат. Иш-чараны Жогорку Кеңеш СПИДге каршы күрөшүүчү бир катар эл аралык уюмдардын көмөгү менен уюштурууда. Эки күндүк жыйын “Ак кеме” мейманканасында өтөт, ага ЖК депутаттарынан тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Азербайжандан эл өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын саны Кыргызстанда 2500 дөн ашуун. Бейрасмий маалыматтарга караганда бул көрсөткүч он эселеп көп.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG