Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Балыкчы окуясы боюнча соттолуп жаткандар көрсөтмө берет


Мындан тышкары милициянын тергөө курамынын мүчөлөрү Балыкчы окуясына күбө катары көрсөтмө беришет. Бул тууралуу айыпталуучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” билдирди.

Балыкчы окуясына байланыштуу сот иши 11-сентябрда башталган. Акыркы сот жараянында сот Болот Дүйшембиев Топчубек Тургуналиевди коомдук жактоочулук кылуудан четтеткен.

23-июлдагы президенттик шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болуп жатканына нааразылык билдирген жыйырма чакты адам Балыкчы шаардык администрациясына барышкан. Ал жерден “баш-аламандык уюштурду, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылды” деген айып менен 23 адамды милиция камакка алган.

КР президентин шайлоо демократиянын жоболоруна жооп бербеген шартта, өтө одоно мыйзам бузуулар менен өттү деген баасын ЕККУнун байкоочулар миссиясы жана эл аралык байкоочулардын ЕНЕМО уюму да билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG