Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Бакиев мектептердеги кылмыштуулукка тынчсызданды


Президент Курманбек Бакиев бүгүн мугулимдер күнүнө арналган жыйында сөз сүйлөп мектептер кылмыш дүйнөсүнүн кылтагына илинип жатканына камтамасын билдирди. Рэкетчилик сыяктуу көрүнүштөр күчөп жатканын айтты. Билим министрлиги тартип коргоо органдары менен бирге мектептердеги кылмыштуулукту азайтуу боюнча тез аранын ичинде чара көрүүсү керектигин баса белгиледи. Буга ата-энелер, бүтүндөй коомчулуктун киришүүсү зарыл, деп кошумчалады. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев соңку учурда Кыргызстандын дээрлик көпчүлүк аймактарында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук 30 пайызга көбөйгөнүн билдирген. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG