Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Иран менен сүйлөшүүдө чектелген гана ийгилик болду


Мындай көз-карашын АКШ Мамлекеттик катчысы менен коргоо министри билдиришти. Хиллари Клинтон CNN телеканалындагы интервьюсунда Женевада өткөн аптада болгон сүйлөшүүнү жалпысынан “позитивдүү” жана “натыйжа берген” окуя катары мүнөздөдү. Бирок ага катар Иран анын өзөктүк программасына байланышкан талашты аягына чыгарууну чындап көздөөр -көздөбөсүн билүүгө азырынча эртелик кыларын белгиледи.

Мамлекеттик катчы кошумчалагандай, эгер Иран уран байытуунун токтотуу багытында кадам таштабаса, Вашингтон Тегеранга каршы кошумча санкцияларды даярдоону улантат.

Ал эми АКШ коргоо министри Роберт Гейтстин ишениминде, Ирандын өзөктүк курал жасоо ниети бар. Бирок Тегеранды узак мөөнөттөн алганда мындай куралдын пайдасыздыгына жана Жакынкы Чыгыштагы жарыша куралдануу акыр аягында Ирандын өзүнүн коопсуздугуна коркунуч туудурарынан ынандыргыдай мүмкүнчүлүктөр али бар.

Өткөн аптада Женевада болгон көп тараптуу сүйлөшүүгө Иран, АКШ, Кытай, Орусия, Франция, Британия, Германиянын өкүлдөрү катышкан. Кийинки сүйлөшүү 19-октябрда өтөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG