Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

Бакиев: Мугалимдер айлыгын көбөйтүүгө кам көрүлөт


Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев бүгүн мугалимдер күнүнө байланыштуу уюштурулган республикалык жыйында билдирди. Анын айтымында, соңку үч жылда мугалимдердин маянасы сексен пайызга көбөйүп орточо айлык акы үч миң сомду түздү. Бирок бул өтө аз, ошондуктан мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө болгон аракеттер жумшалышы керек, деди К. Бакиев. Ал бул жыйынга билим берүү тармагынын өкүлдөрү эле чакырылбастан баардык министрлик-мекемелерден адистер келгенин, анткени жалпы коомчулук мугалимдердин макамын жогорулатууга салым кошуусу керектигин баса белгиледи. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG