Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

С.Нарышкин Кыргызстанга келди


Президенттин маалымат кызматынан алынган кабарга караганда, Россия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин бүгүн Бишкекке келди. Анын жакынкы убакытта президент Курманбек Бакиев менен жолугушуусу күтүлүүдө. Жолугушууда кандай маселеле талкууланары тууралуу расмий маалымат айтыла элек. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча тараптар Кыргызстан түштүгүндө орус аскердик базасын ачуу, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимдин аткарылышы жана башка эки тараптуу мамилеге байланыштуу маселелерди талкуулашат. Белгилүү болгондой ЖККУнун август айында Бишкекте болгон саммитинде Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведев меморандумга кол койгон. Ага ылайык тараптар 1-ноябрга чейин база боюнча макулдашууга жетишиш керек.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG