Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

“Кыргызгаз” Өзбекстанга 1.4 миллион доллар которду


“Кыргызгаздын” маалымат кызматынан бүгүн алынган кабарга караганда, “Кыргызгаз” 6-октябрда “Узтрансгазга” 1 миллион 400 миң доллар которду. Ошону менен Өзбекстанга газ үчүн 19 миллион долларга жакын карызды төлөө башталды. Белгилүү болгондой Өзбекстан 1-октябрга чейин карызды төлөө талабын коюп, эгерде ал ишке ашпаса газ өчүрүлөрүн билдирген. 24-сентябрдан тарта Ош шаарына газ берүү толук токтотулуп, андан кийин түндүк регионго 30% кыскартылган. Төлөөлөр башталганга байланыштуу газды толук өчүрүлүшү күтүлбөйт.(AiT)

XS
SM
MD
LG