Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:43

Ала-тоолук мугалим эмнеге бушайман?


Октябрдын биринчи жумасында Кыргызстанда мугалимдер кесиптик майрамын белгилешет. Эл агартуунун отличниги, Ош шаарындагы тарых мугалими Кеңешбек Казакбаев мугалимдин кесиптин ысык-суугу боюнча “Азаттык” менен айрым ой-пикирлерин бөлүштү.

- Айылдык орто мектепте кырк жылдан ашуун эмгектенген мугалим катары айтсаңыз, азыркы окуучулар менен 20-30-жыл мурунку окуучулардын айырмасы кандай? Анткени билим алуунун мааниси жоголду деген пикирлер бар?

- Албетте, айырмачылык азыр бир топ эле бар го. Себеби ортодо коом аябай өзгөрүп жатпайбы. Коомдун өзгөрүшүнөн улам 20-30-жыл мурдагы окуучулардын көз карашы, билимге болгон мамилеси таптакыр өзгөрүп кетти деп ойлойм.

- Азыркы окуучулардын билимге кызыгуусу жоголду деген пикирлерге кошула аласызбы?

- Андай пикирлер да жаралып атат. Бирок мен деле кошулам ал пикирге. Кийинки учурларда ошондой болуп баратат го, мугалим катары мен аны сезип атам.

- Азыр мектептерде мугалим жетишпей, өзгөчө айылдагы орто мектептерде биологиядан сабак берген мугалим орус тилинен, чет тилинен ж.б. бир нече сабак берген учурлар катталат. Дегеле жаштардын мектепте иштөөдөн качышына эмне себеп, айлык акынын эле аздыгыбы, же мугалимдик кесиптин кадыр-баркынын кетишиби?

- Кийинки учурларда коомдо ушундай болуп атат, мугалимдердин эмнегедир кадыр-баркы төмөндөп бараткандай. Биз билебиз социализм тушунда мугалимдердин эмгек стимулдарын аябай көтөрүп турушкан да, кийинки учурларда өкмөт тарабынан кандайдыр бир колдоолор, мугалимдердин материалдык шарттарын жакшыртуу үчүн эмнегедир көңүл коштук мамиледе болуп атабы деп ойлойм. Ошондон улам жаш мугалимдердин көпчүлүгү мектептерди таштап кетүүгө аргасыз болуп атат.

- Билим берүү системасы эскирди деген да пикирлер бар, көп жылдык тажрыйбасы бар мугалим катары сиз кандай ойдосуз?

- Бул пикирге мен дагы кошулам. Өкмөт канча жолу аракет кылды, мектептерде билим берүү реформасын жүргүзүү боюнча. Эмнегедир алар ишке жакшы ашпай жатат. Жогору жактан реформалоо сөз жүзүндө гана айтылып, иш жүзүнө келгенде эмнегедир катуу көзөмөл болбой атабы, же мугалимдердин билим берүүгө болгон мамилеси көңүл кош болуп атабы, айтор эмнегедир азыр ушундай абалда болуп жатат.

- 90-жылдары Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин орто мектептерде абал аябай оорлоп кеткени эсиңизде болуш керек. Азыркы учурда кырдаал бир аз жакшырып калды деп айтылып жүрөт.

- Ооба, кийинки учурда окуу китептер чындыгында бир аз жакшырып калды. Мындан 10-15 жыл мурдагыдай китептердин жетишсиздиги анча байкалбайт. Мисалы тарых сабагынан окуу китептер толук жетиштүү болуп калды, бул жагынан жылыштар бар.

- Балдар ошентсе дагы окууга кызыкпай атканына эмне себептер бар деп ойлойсуз?

- Анын себептери ар түрдүү. Айланадагы коомдук чөйрөнүн, мектептерде мугалимдердин окуучуларга билим берүүдөгү өздөрүнүн сапаты төмөн болуп жатпайбы. Мен ошондон улам дейм. Себеби кийинки учурларда мектептерге эптеп эле студенттик аудиторияны бүтүп, диплом алган мугалимдер келип атпайбы. Кандайдыр бир көкүрөгүндө ынтызарлык жок, эптеп эле орунга илешип, ошол жерде иштеп турсам деген ой менен болуп атат алар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG