Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Баткенде Чек ара кызматынын 10 жылдыгы белгиленди


Мындан он жыл мурда Баткен аймагында Өзбекстан ислам кыймылынын жоокесепеттери менен болгон окуядан кийин түзүлгөн чек ара кызматы бүгүн мааракесин белгиледи. Салтанатка аймактагы кызмат адамдарынан тышкары жөнөкөй атуулдар да катышып, бул тармактын маанилүү экендигин, ар бир атуул чек ара кызматы менен тыгыз байланышта экендигин айтышты.

Бул майрам үчүн сынактар жарыяланып, ММК өкүлдөрүнөн “Азаттык” радиосунун аймактык кабарчысы чек араны коргоо, жаштарды мекенди сүйүүгө тарбиялоо багытындагы эмгеги үчүн Баткен чек ара бөлүгүнүн Диплому жана баалуу сыйлык менен сыйланды.

Бүгүнкү күндө Баткен чек арачылары жалпысынан 422 чакырымды көзөмөлдөшөт, анын ичинен 296 чакырымы Тажикстан, 71 чакырымы Өзбекстан менен чектешкен.

XS
SM
MD
LG