Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

“Камбар-Ата-2” боюнча чечим кабыл алынган жок


Бүгүн Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу комитетинин жыйынында “Камбар-Ата-1 жана 2 гидроэлектростанцияларын куруу жана иштетүү жөнүндөгү” мыйзамдын күчүн жоготуу мыйзам долбоору каралды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсунбек Турдумаматов мыйзамдын күчүн жоготуу “Камбар-Ата-2” ГЭСине Өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алуу зарылдыгына байланыштуу келип чыгып жатканын билдирди. Мыйзамга ылайык “Камбар-Ата-2” ГЭСи мамлекеттик менчикте болгондуктан аны күрөөгө коюп, насыя алууга мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан мыйзамды жокко чыгаруу зарылчылыгы келип чыккан. Комитет мүчөлөрү өз кезегинде бул маселени кошумча иликтеп, бир жумадан кийин ага кайрылуу чечимине келишти. Бу тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG