Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Дүйнөлүк рынокко кантип чыгабыз?


Жергиликтүү азык-түлүктүн көбү эл аралык стандарттарга жооп бербейт

Жергиликтүү азык-түлүктүн көбү эл аралык стандарттарга жооп бербейт

Кыргызстанда чыккан товарлардын эл аралык стандарттарга жооп бербегендиги дүйнөлүк рынокко чыгууга бөгөт болууда.

Кыргызстан 1998-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирген. Бул башка мамлекеттер менен соода алака түзүп, жергиликтүү продукцияны чет өлкөлөргө сатуу мүмкүнчүлүгүн жакшырткан. Бирок өлкөдө өндүрүлгөн товарларды башка мамлекеттерге сатуу үчүн ал продукция эл аралык стандарттарга жооп бериши абзел.

6-октябрда Бишкекте өткөн жыйында дал ушул маселе козголду. Иш-чараны "Кыргызстандарт" уюштурган. Жыйындын максаты тууралуу "Кыргызстандарттын" жетекчиси Патидин Атаханов буларды айтты:

-Иш-чара биздин кесиптик майрамга карата уюштурулду. Анын максаты-ишкерлер менен продукциянын атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу жана сапатын жакшыртуу механизмдерин талкуулоо. Канткенде биз дүйнөлүк рынокко чыга алабыз деген суроого жооп табуу.

Чет мамлекеттерге экспорттолчу товарлар үчүн дүйнө жүзү боюнча 23 миңге жакын ар кыл стандарттар каралган. Ушул тапта Кыргызстандагы товар өндүрүүчүлөр алардын көбүн колдонбойт. Орусиядагы сапат боюнча уюмдун жетекчиси Геннадий Ворониндин пикиринде, бул маселени чечүүдө биринчи кезекте башкаруу системасын жакшыртуу зарыл:

-Сапат жөнүндө кеп кылганда бир гана товарлар эмес, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коммуналдык кызматтар өңдүү көп-көп тармактардын сапатын жогорулатуу тууралуу ойлошубуз керек. Албетте, бул үчүн башкаруу системасы мыкты болушу зарыл. Ошондо гана экономика өнүгүп, дүйнөлүк рынокко жол ачылып, адамдардын жашоо-турмушу оңолот. Башкача айтканда мамлекет башындагылар болобу, компаниялардын жетекчилери болобу, баардык тармакта сапатты көтөрүү боюнча иштөө керек.

Адистердин пикиринде, өлкөдө чет элдик кардарлар кызыга турган көптөгөн экологиялык жактан таза продукция бар. Мисалы жергиликтүү жер-жемиштер, бал, жаңгак,пахта, айтор ушул өңдүү товарларды башка мамлекеттерге сатууга болот. Бирок алар сөз болуп жаткан эл аралык стандарттарга жооп бербегендиктен, биз дүйнөлүк рынокко чыга албай, өз казаныбызда эле кайнап жаткан учурубуз. "Кыргызстандарттын" жетекчисинин орун басары Таалайбек Дүйшеевдин айтымында, бул маселеде маркетингди колго алуу керек:

-Ооба, биздин көп продукция экологиялык жактан таза, даамдуу болгону менен сырткы көрүнүшү начар болуп атпайбы. Мисалы өткөндө бизге Европадан стандартташтыруу боюнча адистер келишкен болчу. Биз кадимки эле жаңгакты текшерүүдөн өткөрдүк. Ошондо биздин жаңгак зыяндуу заттары жок, даамдуу, майлуу экени аныкталды. Бирок көрүнүшү начар, өзү кичине, өңү да кара. Чет элдик адистер мындай жаңгакты Европага экспорттоо мүмкүн эмес, анткени европалыктар продукциянын сырткы келбетине да өзгөчө көңүл бурат деп айтышты. Мына, бир гана көрүнүш. Ал эми мындай мисалдар толуп жатпайбы.

Талайбек мырзанын пикиринде, товарлардын сапатын жогорулатуу көптөгөн каражатты талап кылат. Мисал катары жогоруда сөз болгон жаңгакты алсак, аны жакшынакай кылып өстүрүү үчүн жер семирткичтер, бакты азыктандыруучу түрлүү заттар, жаңгакты кургатып, сактоого ылайык жабдуулар жана башкага бир топ каражат сарпталат.

Анын үстүнө продукцияны дүйнөлүк рынокко алып чыгуу үчүн керектүү документтерди алуу убакыт менен акчаны талап кылат. Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин өкүлү Жарасул Абдураимовдун айтымында, буга карабай, товарлардын сапатын жогорулатуу үчүн продукцияны эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруубуз зарыл:

-Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон соң, алар койгон талаптарды аткаруубуз керек. Антпесек биз ички рыноктон сыртка чыга албай калабыз. Бул максатта биздин министрликте алтымыштан ашык техникалык регламент иштелип жатат, алардын жыйырмадайы жылдын акырына чейин кабыл алынат.
XS
SM
MD
LG