Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

БУУнун Бишкектеги үйүндө “Адам өнүгүүсү жөнүндө” БУУнун өнүктүрүү программасынын жылдык докладынын бет ачары болуп, анда тышкы жана ички миграцияга байланыштуу проблемалар дагы көтөрүлдү.

«Адамдын ийкемдүүлүгү жана өнүгүүсүндөгү тоскоолдуктарды жеңүү» деген аталыштагы докладда негизинен ички жана тышкы миграция маселеси козголуп, адамдын өнүгүү потенциалынын индекси көрсөтүлгөн. Анда узак өмүр сүрүү жана саламаттык, билим алууга мүмкүндүк, татыктуу жашоо деңгээлине көңүл бурулган.

Дүйнө жүзүндөгү 182 мамлекеттин ичинен Кыргызстан адамдын өнүгүү потенциалынын индекси боюнча 120-орунда экен. Өзбекстан 119-орунда, 127-орунда Тажикстан, эң арткы орунда Нигер, Ооганстан, жана Сьерра-Леон мамлекеттери көрсөтүлгөн.

БУУнун өнүктүрүү программасынын Европа жана Борбор Азия мамлекеттеринин аймактык бюросунун директорунун орун басары Джихан Султаноглу Кыргызстандын ар бир онунчу адамы эмгек мигранты экендиги, ички мигранттардын саны 600 миңге чукул адамды түзөрү тууралуу маалымат бар экендигин билдирди.

Анын айтымында, чет жактагы эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу жана ички мигранттарды социалдык жактан камсыздоо үчүн мыйзамдарды азыркы жашоо агымына жараша оңдоп, миграция тармагын реформалап, адамдын ийкемдүү өнүгүүсүнө өзгөчө маани берүү зарыл.

-Миграциянын пайдасына дагы бир аргумент бар. Борбор Азиядагы мамлекеттерде жаштар көп. Европада улгайган адамдар үстөмдүк кылып баратат. Баары бир ал жакка жумушчу күч керек. Демографиялык жактан өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн жарандары өз өлкөсүнөн сырткары жерлерде акча каражатын тапканга мүмкнүчүлүк алышат.

Джихан айым белгилегендей, Кыргызстандын атуулдары негизинен Казакстан менен Орусияда иштеп жан багып жүрүшкөндөн кийин, алардын абалын жакшыртуу багытында иш алып баруу зарыл.

Вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева өкмөт тарабынан мыйзамсыз мигранттардын санын кыскартууга аракеттер жасалып, чет ммалекеттик элчилик кызматтар, мамлекеттик миграция жана калкты жайгаштыруу өкүлчүлүктөрү менен мыйзамдуу эмгек мигранттарына укуктук жана практикалык жактан жардам көрсөтүү багытында иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

-Бүгүн эмгек мигранттары саламаттык сактоо тармагынын кызматын колдоно алышпайт. Биздин эмгек мигранттар негизинен жаш адамдар. Алар кийин пенсиясын камсыздоого каражат бөлө алышпайт. Көпчүлүк убактылуу мигранттар өз убагында тиешелүү документтерди толтурушпайт.

Өктөмхан Абдуллаева бул маселелерди чечүү үчүн мигранттарды кабыл алуучу мамлекеттер менен мигранттар жөнүндө мыйзамды либералдаштыруу, эл аралык келишимдерди кайра карап чыгуу, эмгек рыногун түзүү боюнча иш жүргүзүлөрүн айтты.

Татарстандын Казан шаарындагы «Эмгек мигранттарын колдоо» корунун жетекчиси Закир Сариевдин билдиргенине караганда, көпчүлүк мигранттар Орусиянын миграция боюнча мыйзамын бузгандыктан, документтерге кайдыгер мамиле кылгандыктан, кесиби жок, тил билбегендиктен улам ар кандай тоскоолдуктарга туш болушат. Ал эми азыр каржы кризисинен улам мекенине кайтып келген кыргыз мигранттарынын жаңы проблемасы пайда болду:

-Азыркы убакта ошолордун кээ бирөөлөрү Кыргызстанга келип жатышат. Мендеги маалымат боюнча, аларды жергиликтүү айыл өкмөттөрүндө паспорторун каттоого койбой жатышат. Себеби силерде Орусиянын атуулдугу бар деп. Мен айтар элем, алар көр оокаттын айынан Орусиянын атуулдугун алышкан. Ошондуктан азыр бул маселеге мамлекет тарабынан көңүл буруш керек.

БУУнун Өнүктүрүү Программасынын «Адам өнүгүүсү жөнүндөгү» жылдык докладында дүйнөнүн 182 мамлекетиндеги жарандардын жашоо деңгээли, социалдык жактан коргоолуусу, узак жашоосу, саламаттыгынын көрсөтмөсү, билим деңгээли, калктын маданий өнүгүүсү, кымыштуулуктун абалы, айлана чөйрөнү коргоо боюнча азыркы учурдагы маалыматтар көргөзүлгөн.

Маалыматка караганда жер шаарында 740 миллион адам ички мигранттарды, 214 миллион адам эл аралык мигранттарды түзөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG