Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Руандадагы тукум курут үчүн айыптуу киши кармалды


Уганда полициясы 1994-жылы Руандада болгон геноцид үчүн айыпталган адамды колго түшүргөнүн маалымдады. Руанда чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчиси Иделфонс Низеймана Тутси уруусунун 800 миңдей өкүлүн жана саясий жактан байистүү бир катар Хутуларга каршы кыргынды уюштургандыгы үчүн күнөөлөнүүдө. Кабарларга караганда, ал Конго Демократиялык жумуриятынан Кенияга бараткан жеринен кармалган. АКШ Низеймананы колго түшүрүү үчүн 5 миллион доллар убада кылган. Бирок Руанда боюнча Эл аралык кылмыш трибуналы анын камакка алынганын бышыктай элек.

XS
SM
MD
LG