Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

ВИЧ инфекциясы сыртта жүргөн мигранттардан жуга баштады


КР вице-премьер-министри Өктөмхан Абдуллаеванын маалымдаганы боюнча Кыргызстанда катталган ВИЧ инфекциялуу 64 аял бул коркунучтуу илдетти Орусияда иштеп келген күйөөлөрүнөн жуктуруп алышкан. Анын айтуусунда эң кейиштүүсү - булардын баары кош бойлуу аялдар. Вице-премьер-министр бул тууралуу 6-октябрда ВИЧ/СПИДке каршы күрөшүүгө арналган Борбор Азия жана Азербайжан парламенттер аралык жыйында билдирди.
Жыйында айтылган расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны 2,5 миңден ашты.

ВИЧ/СПИДке каршы күрөшүүгө арналган Борбор Азия жана Азербайжан парламенттер аралык жыйыны бүгүн дагы ишин улантат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG