Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

А. Бекназаров: К. Сопиевдин качып кетишине прокурорлор күнөөлүү


Мындай пикирин айыпталуучулардын жактоочусу Азимбек Бекназаров кечээки сот жараянында билдирди. Анын белгилөөсү боюнча прокурорлор айыпталуучуларды “сенин тагдырың чечилген” деген сыяктуу коркутуп-үркүтүү менен сотко ишеним көрсөтпөөгө мажбурлап жатышат. Жактоочу ошондой эле дарыланып жаткан Канат Сопиевди камакка алуу тууралуу токтом чыгаруу менен сот Болот Дүйшембиевдин өзү да туура эмес кылган, деп эсептейт.

Мурда кабарлангандай Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири, соцал-демократиялык партиянын Ысык-Көлдөгү координатору Канат Сопиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылууда. Такталбаган маалыматтар боюнча ал Европа өлкөлөрүнүн бирине баш калкалап кеткен. Анын сотко келбегенине байланыштуу 30-сентябрдагы соттук териштирүүдө сот Сопиевди камакка алуу тууралуу токтом кабыл алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG