Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Казакстан менен Франция бир нече келишимдерге кол койду


Түрдүү тармактар боюнча кабыл алынган, жыйырмадан ашуун экономикалык келишимдердин жалпы наркы 6 миллиард долларга бааланууда. Аларга кечээ Астанада, француз президенти Николя Саркозинин иш сапары учурунда кол коюлду. Түзүлгөн келишимдердин бирине ылайык, француз компаниялары Казакстандын Каспийдеги Хвалинское газ кенин өздөштүрүүгө тартылат. Астанада ошондой эле француз аскер кызматчылары Ооганстанга каттоодо жана жүк ташууда Казакстандын аймагын транзиттик түйүн катары пайдалануусун караган келишимге да кол коюлду.

Француз президенти Астанага Казакстандын дарегине ал келерки жылы ЕККУда төрагалык кылуусун утурлай өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча сын - пикирлер утур-утур айтылып жаткан учурда келди. Бирок Николя Саркози Казакстандын уюмдагы болочок төрагалыгына бекем колдоо көргөздү.

XS
SM
MD
LG