Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

КМШ өлкө башчылары коопсуздук маселесин талкуулайт


8-9-октябрда Молдовада өтүүчү мамлекет башчылардын кеңеши жана тышкы иштер министрлердин кезектеги жыйынына президент Курманбек Бакиевдин баруусу күтүлүүдө. Жыйында гуманитардык тармакта кызматташуу, коопсуздук маселесин камсыз кылуу, дүйнөлүк каржы-экономикалык крисиз жана шериктеш өлкөлөрдүн мындан аркы кызматташуулары талкууланат. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын күн тартибине 22 маселе киргизилген. Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине 65 жыл толгонуна карата 2010-жылды Ардагерлер жылы деп кабыл алуу жөнүндө кайрылуу жасашары күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG