Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:22

Ооган согушунун бүгүнкү тогузунчу жылдыгында АКШ президенти жыйын курат


Кошмо Штаттардын Ооганстан жана Пакистан боюнча стратегиясын кайрадан карап жаткан президент Обама бүгүн Ак үйдөгү жыйында маселени коопсуздук боюнча башкы кеңешчилери менен талкуулаганы жатат.

Бүгүн Ооганстанда согуш башталганына тогузунчу жылга аяк басты. 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарга жооп кылып, АКШ жетектеген күчтөр Ооганстандагы аскерий операциясына ошол жылдын 7-октябрында киришкен. Операцияга “Майтарылбас эркиндик” деген ат берилген болчу. 11-сентябрдагы террордук чабуулдардын артында турганы үчүн айыпталган “ал-Каида” уюмунун талкалоону максат кылган операциянын натыйжасында Ооганстанда Талибан режимин бийликтен кулатылган.

Ак үйдөгү бүгүнкү жыйынга президент Обамадан тышкары вице-президент Жо Байден, Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон, коргоо министри Роберт Гейтс, чалгын жана аскерий тармакты тейлеген башка расмий өкүлдөр катышаары күтүлүүдө.

Кабарларга караганда, америкалык расмий өкүлдөрдүн бүгүнкү жыйында талкуулануучулар арасында Ооганстанга кошумча дагы миңдеген жоокерди жөнөтүү же “ал-Каиданын” коңшу Пакистандандагы түйүндөрүнө сокку урууну күчөтүү керекпи деген маселелер да бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG