Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

К.Эргешев:Биздин окуучулардын рэкетчиликке убактысы жок


Мындай пикирин “Азаттыкка” Бишкектеги Олимпиадалык резерв боюнча республикалык окуу жайдын деректири Кадырбек Эргешев билдирди. Анын айтымында, окуу жайдын балдары тыгыз күн тартиби менен окушат.

“Бизде күн тартиби боюнча гана жүрүшөт. Төрт маал тамактанышат, машыгышат, сабак окушат. Бош болгондо эртеңки күнгө даярданышат. Кечки саат ондо укташат. Шаар аралап, рэкетчилик кылууга алардын убактысы да жок. Башка шаардык балдар биздин мектептин атын жамынып рэкетчилик кылып жүрүптүр”, - деди К.Эргешов.

Окуу жайдын деректиринин айтымында, 26-сентябрда бир топ бала келип тийишип, таш, бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Ал күнү тарбиячы, машыктыруучулар жаңжалды токтотуп коюшкан.

28-сентябрда Бишкектеги Олимпиадалык резерв боюнча республикалык окуу жайдын 10-11-классынын 50 окуучусу Лебединовка айылындагы №2 мектеп- гимназиясынын жана №38 мектептин эшик терезелерин таш менен уруп сындырып, массалык мушташ уюштурганга аракет кылышкан. Анын кесепетинен мектептин үчүнчү жана жетинчи класстын окуучулары, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары жаракат алышкан. Эгер өспүрүмдөрдүн күнөөсү далилденсе, алар төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кылмыш Кодексинин 234-беренеси боюнча аларга ээнбаштык кылды деген айып коюлуп жатат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG